Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкекте эки милиционер орусиялык жарандарды тоноду деп шектелүүдө


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын алдындагы көзөмөл-өткөрүү кызматынын эки өкүлү чет элдик жарандардан мыйзамсыз акча алган деген шек менен сурак берүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат кабарлайт.

УКМКнын маалыматында, эки кызматкер орусиялык жарандардын паспортторун текшерүүдө алардын акчасын алып жаткан учурда кармалган. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG