Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында экстремисттик маанайдагы 181 кылмыш аныкталды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 133 болчу.
Январь-июнь айларында радикал мүнөздөгү уюмдарга активдүү мүчө катары шектелген 145 адам колго түшүп, алардан беш миңден ашуун экстремисттик маанайдагы каражаттар табылган. Фактылар боюнча 92 кылмыш иши козголду.
Кылмыштардын көбү Жалал-Абад облусунда катталган. Андан кийинки орундарда Ош облусу менен Бишкек шаары турат.
Экстремисттик уюмдардын арасынан “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөлөрү басымдуулук кылат. Алардын саны бардык уюмдардын өкүлдөрүн эсепке алганда 76 пайыздан көп. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынан кабарлашты.
Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын саны 12. (SE)