Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Евробиримдик тобу Ооганстанда шайлоо жыйынтыгын текшерүүгө чакырды


Ооганстандагы шайлоого байкоочу болгон Европа Биримдигинин тобу азыр текшерилип жаткан шайлоо бекеттеринен көбүрөөк бекеттер текшерилиш керек дейт. Топтун жетекчиси Тейс Бермандын 3-июлдагы билдирүүсүнө караганда, 23 миңге жакын шайлоо участкаларынын ичинен 6 миңден ашууну текшерүүгө муктаж.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы учурда 1930 шайлоо участкасында кайра саноо жүргүзүүдө. Ооганстанда 14-июнда өткөрүлгөн шайлоодо бурмалоолор болгонун талапкерлердин бири Абдулла Абдулла билдирип, добуштарды кайра саноону талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG