Ички иштер министрлиги Грузиянын жараны, кримтөбөл Роман Барбакадзеге мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын паспорту берилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, “Ремень” деген каймана ат менен белгилүү Барбакидзеге 2012-жылы Ош облустук каттоо кызматы тарабынан Рамин Алхозов деген ысым менен паспорт берилген. Бул паспорт менен кримтөбөл жакында Украинада кармалган.
Бул окуядан соң Ош шаардык прокуратурасы облустук каттоо кызматынын кызматкерлерине иш козгоду.
Кыргызстанда буга чейин да башка өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү фактылары катталган эле. (BkA)