Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Дүйшенбиев: тажик тарап чек ара постун алып салгыла деген талап койду


Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали Кыргызстандын башкы чек арачысы Райымберди Дүйшенбиев менен 10-июль күнү телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Тамдык аймагында кыргыз чек арачылары турган постту алып салуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу Дүйшенбиев “Азаттыкка” чек арадагы соңку кырдаал боюнча маалымат берип жатып билдирди:

- Ражабали Рахмонали аймакта 30дай куралдуу тажик тургуну топтолгонун, эгер чек ара постубузду алып салбасак, алар түнү менен аскерлерибизге чабуул жасаарын айтты. Биз ага макул болгон жокпуз. Чек ара посту иштеп жатат.

10-июль күн түшкө жуук чек арачылардын катышуусунда куралдуу кагылышуу болуп, бир тажик аскери өлгөнү, кыргыз аскерлерине каршы чыккан бир нече тургун жаракат алганы айтылган. Тажиктер кыргыз аскерлерин карай эки жолу чабуул жасаган. Гранатомет атышкан учурда кыргызстандык бир аскерге таш тийип, учурда Баткендеги ооруканада дарыланууда. Абалы канааттандырарлык.

Окуяга байланыштуу Тажикстан кечээ Кыргызстанга нота жолдогон. Куралдуу кагылышууга эки тарап бири бирин күнөөлөп жатат.

Учурда аймакта атышуулар жок, бирок абал чыңалуу бойдон турат. (SE)

XS
SM
MD
LG