Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

ФИФА калысы Кочкаровго арналган чыгармачыл сынак жарыяланды


Кыргызстандын футбол федерациясы Бразилияда өткөн чемпионаттагы ФИФА калысы Бахадыр Кочкаровдун ишмердүүлүгүнө арналган чыгармачыл сынак жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Мирлан Айтаалы маалымдады:

- Кочкаров жөнүндө ыр же башка чыгармалар кабыл алынат. Аларды футбол федерациясынын сайтына, Фейсбуктагы баракчасына жөнөтсө болот. Жеңүүчүгө сыйлыкты Бахадыр Кочкаров өзү Бразилиядан атайын тандап алып келип, футбол федерациясынын маалымат жыйынында тапшырат.

Чыгармалар кыргыз жана орус тилдеринде 14-июлда кечки саат алтыга чейин кабыл алынат.

Бул күндөрү кыргызстандык Бахадыр Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун тобунда иштеп, Бразилиядагы дүйнө чемпионатында төрт беттешүүгө калыстык кылды. Ал 2010-жылы Түштүк Африка республикасында өткөн дүйнө чемпионатында беш оюнга жана 2012-жылы Лондон шаарындагы олимпиадалык оюндарда да калыстык кылган. (КМа)

XS
SM
MD
LG