Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү 13-июль күнү коңшу өлкөнүн Исфара шаарында кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары курал колдонуучу жагдайларга жол бербөө боюнча макулдашты.

Учурда аймакта абал туруктуу экенин мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты. Чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

10-июлда Баткендин Тамдык деген жеринде кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылыш болуп, бир кыргыз аскери жараат алган. Тажик тарап бир адам өлгөнүн, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлаган. (SE)

XS
SM
MD
LG