Аймактагы көз каранды эмес укук коргоочу Эльмар Ижков бүгүн калаа бийлигине кайрылып, Жалал-Абад шаары негизделгенде ачылган христиан мүрзөсүнүн айланасын тосуу үчүн каражат берүүнү жана ал жерге мал жандык киргизүүгө тыюу салууну суранды.
Анын айтымында, 6 гектар жерди ээлеп турган мүрзөнүн бир жарым чакырымдык тосмолорун жергиликтүү бийлик 2007-жылы чыгарып, ошол жерге жакын поляк аскерлеринин мүрзөсүнө койгон. Андан бери айланасы ачык калган христиан мүрзөсүнө мал кирип, кабырларды тебелөөдө.
Ижков мэрия анын суранычын аткарбаса прокуратурага кайрыларын айтууда.
Мэрия бул боюнча текшерүү жүргүзүүнү коммуналдык чарба мекемесине тапшырганын шаардык бийликтин басма сөз кызматы кабарлады. (YA\SE)