Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Ирактын Күрт автономиясынын лидери Түркия жетекчилери менен кездешет


Ирактын Күрдистан автономиялуу аймагынын президенти Анкарада Түркиянын жетекчилиги менен жолукканы жатат. Масуд Барзани президент Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Таип Эрдоган менен өз-өзүнчө жолугушмакчы. Барзани күрттөр жакынкы аралыкта эгемендик боюнча референдум өткөрүшөрүн буга чейин билдирген.

Ислам мамлекети деп аталган кыймылдын сунни согушкерлери улам бир аймакты басып алгандан кийин Ирак иш жүзүндө бөлүнүп калды, - деди автономиянын лидери.

"Левант жана Ирак Ислам мамлекети " деп аталып келген кыймыл Ирак менен Сирияда өз көзөмөлүнө алган жерлерде “халифат” түзүлгөнүн жарыялаган.

Түркия Ирактын аймактык бүтүндүгүн колдоорун, ошол эле маалда Күрт автономиясы менен сооданын өрчүшүн бааларын айтып келет. Анкара ошондой эле жергиликтүу күрттөргө көбүрөөк укук берүү жаатында иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG