Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Ооганстанда жараат алган дагы бир чех аскери өлдү


Өткөн жумада Ооганстанда жардырууда Чехиянын төрт жоокери өлүп, бирөөсү жарадар болгон. Жарадар аскер дүйшөмбү күнү Прагада ооруканада каза тапканы маалымдалды. Жалпысынан Парван провинциясында болгон жардыруудан 16 киши жабыркаган эле.

Бул арада Ооганстанда туткундан бошотулган АКШнын сержанты Боу Бергдал Кошмо Штаттарда аскердик кызматын аткарууга киришкени кабарланды. Ал Ооганстанда талиптердин колунда беш жыл бою туткунда болгон эле. Бергдал 31-майда бошотулган. Ал талиптердин Гуантанамодо кармалып турган беш командирине алмаштырылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG