Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Украинада кыйраган Малайзия учагы жерден ракета менен атылганы айтылууда


Украин аскерлери жана жикчилдер урушуп жаткан аймакта 17-июлда кыйраган учактын 298 жүргүнчүсү болгон. Алардын бирөө да тирүү калган эмес. Учак Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан. Малайзия авиакомпаниясынын Европадагы өкүлчүлүгүнүн вице-президенти Хийаб Гортер учактагылар негизинен Голландия жарандары экенин билдирди:

- Учактагылардын улуту тууралуу бир аз маалымат берсек, азыркы учурга карай анда 154 голландиялык жаран, 27 австралиялык, 23 малайзиялык, Индонезиянын 11, Англиянын 6, Германия жана Белгиянын төрттөн, 3 филиппин жана бир Канада жараны болгону аныкталды. Калгандарын тактай элекпиз.

Украина президенти учактын кырсыкка учурашын “террордук акт” деп атады. Жикчилдер учакты украин аскерлери атып түшүрдү деп, иликтөө ишин жүргүзүү үчүн үч күн ок атууну токтотууну сунуштады. Орусия президенти Владимир Путин учактын кыйрашына Украина жоопкерчиликтүү деди. Ал эми БУУнун баш катчысы эл аралык иликтөөнү сунуштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG