Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

“Альфа Телеком” боюнча сот кайра уланууда


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы жетекчилерине байланыштуу сот жараяны кайра уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмазбек Молдобаев карап баштады. Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары ишти карап жаткан судья Абдыразак Боромбаевди алмаштырууну өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот аны канааттандырган болчу.

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев жана анын кеңешчиси Алмазбек Абеков, ошондой эле “Новострой сервис” компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек ишканага ири өлчөмдө акчалай зыян келтирди деген айып менен 2012-жылы кылмыш иш козголгон. Учурда Мурзалиев жана Аман уулу үй камагында, ал эми Алмазбек Абеков УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Соттолуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG