Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Ташиев: оппозициядан кеткен жокмун


“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдан четтетилгенине карабастан, оппозицияда кала берерин "Азаттыктын" Ыңгайсыз суроолор" теледебатында билдирди. Ал эми УОКтун катарынан чыгышын саясатчы бирдиктүү чечим деп эсептебейт:

-Мен Улуттук оппозициялык кыймылдын бир катар мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Көпчүлүгү бул боюнча кабары жок экен. Бул эки –үч гана адамдын чечими болуп калган. Ошентсе да, мен алардын чечимин сыйлайм.

23-июлда УОК өз курамынан Камчыбек Ташиевди чыгарган. Уюм мүчөлөрү өз ара кеңешип, анан ушундай бүтүмгө келгенин “Азаттыкка” кыймыл лидери Равшан Жээнбеков билдирген. Буга 9-июлда Ташиевдин НТС телеканалына курган маеги себеп болгон. "Ата Журттун" лидери ал маекте 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде Ак үйдүн тосмосунан ашканы мыйзамсыз болгонун айтып, орозонун урматына катуу сөз айтып капа кылган бардык жарандардан, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнөн кечирим сураган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG