Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Мауриньо: Дрогба дале мыкты формада


"Дидье Дрогба физикалык жана техникалык жактан дале мыкты формада. 36 жаштагы чабуулчу оюнда коргоочулардын үшүн аларынан күмөн санабайм,"- деди “Челси” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Мауриньо 1-августта британиянын “Sky Sports” телеканалына берген интервьюда.

“Челси” июлда Кот-д’Ивуарлык футболист менен бир жылдык келишим түзгөн. Дрогба 2012-жылы Англиянын “Stamford Bridge” командасынан кетип, Кытайда жана Түркиянын “Галатсарай” командасында ойноп жүрдү.

Мауриньо Дрогбаны жана испаниялыктар Фернандо Торрес менен Диего Костаны күчтүү чабуул үчүн пайдаланууну көздөйт.

Дрогба 2004-2010-жылдары Мауриньонун жетеги астында “Челсиде” ойногондо 157 гол киргизген.

XS
SM
MD
LG