Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Оогандар АКШ аскерлери кетип жатканына капа


Баграмдагы ооган аскерлери, 13-февраль, 2014.
Баграмдагы ооган аскерлери, 13-февраль, 2014.

НАТО баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан аскерлердин басымдуу бөлүгүн жыл этегине чейин чыгарып кетүүгө камынууда. Ал арада чет элдик базалардын чыгып кетиши ооган экономикасына азыртадан эле чоң залакасын тийгизип, өлкөдө жумушсуздук өсө баштады.

Атикулла алдындагы таштандыны карап, мындан керектүү эмне таба алам деп ойлонууда. Ал азыр күндөлүк жашоого каражатты ушул жерде үйүлүп жаткан темир-тезек менен желимден табат. АКШнын Ооганстандагы эң ири базасы деп эсептелген Баграмдагы аэродромдон чыккан таштанды ушул жерге төгүлөт.

Эми америкалык жана башка эл аралык күчтөрдүн кыскарышы менен Баграмдан чыккан таштандылар дагы азайып, Атикулланын колуна эч нерсе илинбей дагы калды.

«Мен бул калдыктарды сата баштаганыма үч -төрт ай болду. Иш жакшы эмес. Эч ким сатпай дагы, албай дагы калды”,- деген Атикулла америкалык жоокерлер аскерий буюм-теримдин калдыктары менен эски жабдыктарды арзан баада сатып жатканын кошумчалады. “Мен дагы эмне кылмак элем? Бул жакта башка жумуш жок жана жалгыз акча табуунун жолу ушул”, - деп таштандыны чукулады.

Атикулла Баграмга 2004-жылы базага учактардын учуу-конуу тилкесин курууга келген. Андан соң ошол эле жерде базага бетон менен асфальт ташып иштеген. База жабылып жаткандыгына байланыштуу жыл башында жумуш токтогон.

Улуттар уюмунун жалпы коомчулукка жарыяланбаган докладына ылайык, оогандардын кырк пайызы же болбосо 11,5 миллион киши аскерий базалардын тегерегинде жашайт. Америкалык базалар акыркы жылдары он миңдеген адамды жумуш менен камсыздап турган.

Жергиликтүү калк базада ашпозчу, механик, котормочу, кароолчу жана башка ар кыл жумуштарда иштеген. Аскерий базалар жүздөгөн ооган ишканалары менен келишим түзүп, алардан жашылча-жемиш, бөтөлкөгө куюлган суу алып турушкан. Ошондой эле бир катар жергиликтүү транспорт, курулуш жана башка компаниялар дагы аскерий база менен иштешип келген.

2011-2012 жылдары Ооганстанды кайра түзүү комиссиясынын башкы инспекторунун айтканына караганда, АКШ өкмөтү жана башка уюмдар оогандардын чакан компанияларына 5 миллиард доллар акча коротушкан. БУУнун докладында беш миллион калктуу Кабулдун токсон пайыз эли НАТОнун 75 базасы менен күн көрүп келгени айтылат.

Кабулдагы белгилүү “Обама” базары америкалык базадан мыйзамсыз жол менен чыгарылып келген азык-түлүк жана башка жабдыктардан көп пайда көргөн.

2011-жылы НАТОнун Ооганстанда 130 миң жоокери жана 800гө жакын аскерий базасы бар болчу. 2013-жылдын аягында базалардын саны 80ге чейин кыскарып, көбү жабылды. 2014-жылдын аягына чейин 9800 аскер калаары күтүлүүдө. Байкоочулардын айтымында, базалардын жабылышы азыр эле көп тармактарга өз залакасын тийгизүүдө, ал эми эл аралык жардамдын кыскарышы ансыз дагы алсыз турган экономикалык абалды дагы оорлотпойбу деген кооптонууларды туудурууда.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2012-жылы ооган экономикасындагы өсүш 14 пайызды түзсө, өткөн жылы үч пайызга ылдыйлады. Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгынын кечеңдеши финансылык башаламандыкты тереңдетип жатканын байкоочулар белгилешет.

Америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетип жатканы Баграм аэродромуна жакын жайгашкан Баграм шаарында таасын байкалат. Ушул жылдын башында базадагы иштен кыскарган калың сакалчан Халим азыр кичинекей күркөдө жер-жемиш, тамеки сатат. «Мен учак учуп конгон тилкеде жети жылдык келишим менен иштедим. Азыр соода кылып отурам. Эч нерсе деле өтпөйт. Элде акча деле жок», - дейт ал.

Парван аймагынын түндүгүндө жайгашкан 200 миң калктуу Баграм акыркы он жылдан бери гүлдөп, өлкөнүн бизнес борборуна айланган эле. Бир кезде чет элдик товарлар батпай турган шаар базарлары азыр дээрлик бош. Ишкана менен дүкөндөрдүн көбү жабык. Иш издеп, бул жакка көчүп келген оогандыктардын көбү кайра шаардан кетишүүдө.

Баграм аймагын өнүктүрүү боюнча кеңештин башчысы Бакшинин айтымында, базада иштеген 50 миң ооган жарандарынын кайсы бир пайызы калат. Көптөр жылдын аягына чейин иштен бошотулат.

“Базанын кетүүсү шаарга абдан чоң таасирин тийгизип жатат. Баграмдагы элдин сексен пайызы күнүнө бир жолудан ашык тамактанууга чамасы жок шартта жашайт. Азыр элдин көбү бош», - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү жумуш орундарын кыскартуулар эки жыл мурда башталганын белгилейт. Ишсиз калгандар акыркы айларда базанын алдында нааразылык акцияларын өткөрүштү. Жергиликтүү аткаминерлердин бири жумуш орундарынын кыскарышына каршы ачкачылык акциясын дагы жарыялап жиберди.

Шаардык активист Хитаб Акмат облус жаштарына жумуш таап берүү максатында атайын уюм ачкан. Анын айтымында, массалык жумушсуздук шаарга аябай зыянын тийгизүүдө. Жумушусуздуктан улам, өз күчүнө ишенбеген жаштар куралчан топторго кошулуп кетишүүдө. Алардын көбү кылмыштарга барары турган иш.

“Америкалыктар бизди он үч жыл басып жатышты. Ошол эле маалда алар Ооганстанды бутуна тургузуш үчүн көп акча коротушту. Келечек аларсыз бүдөмүк”, - деген Атикулла 15 жашар уулун ээрчитип үйүн көздөй жөнөдү.

XS
SM
MD
LG