Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Обама: Ооган согушу быйыл бүтөт


Ооганстан -- Обама америкалык аскерлер менен Баграм аба майданында жолугушуу маалында, 25-май, 2014
Ооганстан -- Обама америкалык аскерлер менен Баграм аба майданында жолугушуу маалында, 25-май, 2014

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы согуш быйыл жыл этегинде бүтөт деп убада кылды. Бул жөнүндө ал өткөн дем алыш күндөрү Ооганстандагы Баграм аба майданына алдын-ала жарыяланбаган сапар менен барганда айтты.

Обама америкалык аскерлерге кайрылып, ушул аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү менен чексиз сыймыктанаарын билдирди.

Азыр согуш “маанилүү учуруна жеткенин” айткан президент бүгүн башкы озуйпа – ооган армиясынын өзүнө коопсуздукту коргоо милдетин өткөрүп бериште турганын белгиледи.

"Мен бүгүн бул жерге келгенимдин дагы бир себеби – 10 жылдан ашуун убакытка созулган ооган согушу маанилүү бир тепкичине жетти, - деди президент. - Өткөн жыл өзгөчө бир бурулуш учур болуп калды, анткени ооган күчтөрү өз өлкөсүн өздөрү коргой башташты. Бүгүн эми силер аларга көмөк көрсөткөн милдетти аткарып жатасыңар. Көпчүлүгүңөр үчүн бул Ооганстанга акыркы келгениңер болуп калышы керек".

Бул сөзүндө Барак Обама ооган жериндеги согушка баасын бергенге да аракет кылгандай болду. Ал азыр ооган элинин турмушу канчалык жакшырганын, "канчалаган кыздар кайра мектепке бара башташканын, медицинада, маданиятта олуттуу алга жылуу болгонун” айтып, мунун баары ушул аскерлердин күчү менен жасалганын кошумчалады.

"Өткөн айдагы эле шайлоону алалы. Талибан тарабынан жасалган далай коркутууларга карабай, ооган эли мындан ары чочулоодон баш тартаарын көрсөттү, - деди Обама. - Алар добуш бериш үчүн катталышты. Ооган коопсуздук күчтөрү миңдеген шайлооканаларды коргошту. Миллиондогон оогандар добушун беришти. Келерки айда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы бул элдин тарыхында тынч, демократиялык жол менен бийлик алмашкан алгачкы өзгөрүүгө карай дагы бир кадам болуп калмакчы".

Андан сырткары президент Обама жаңы шайлана турган ооган президенти расмий ишине киришкенде Вашингтон Кабул менен коопсуздук келишимине жетише алат го деп үмүттөнүп турганын билдирди.

"Ооганстанда жаңы президент ишке киришкенде биз аны менен Коопсуздук жөнүндөгү эки тараптуу келишимге кол коёбуз го деп үммүттөнөм. Ошол келишимге жетишилгенде биз 2014-жылдан кийин да бул жакта аз сандагы аскерлерди калтырып кала алабыз. Анткени силер канчалаган жоготуу менен уткан жеңишиңерди сактап калышыбыз зарыл, - деди ал. - Биз Ооганстан кайра эч качан биздин мамлекетке каршы жасалчу чабуулдар үчүн колдонулбашын камсыздашыбыз керек".

Азыр кызматын тапшырып жаткан президент Хамид Карзай Кошмо Штаттары менен коопсуздук боюнча эки тараптуу келишимге кол коюудан баш тарткан.

Бул документ быйыл ооган жеринен НАТО менен АКШнын аскерлеринин көпчүлүк бөлүгү чыгарылгандан кийин да америкалык айрым аскерлерди Ооганстанда калтырууга уруксат берет. Ал аскерлер жергиликтүү ооган армиясын машыктырууга көмөктөшмөк.

Кабулда президент Карзайдын расмий өкүлү Карим Хорам “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргенине караганда, АКШнын элчилиги Карзайды 25-майда Баграмдагы базада Обама менен көрүшүүгө келишин сураган. Бирок ооган президенти андан эмне үчүн баш тартканын айткан Хорам: "Ооганстандын президенти Хамид Карзай президент Обаманы Кабулдагы резиденциясында жылуу кабыл алаарын, бирок Баграмдагы аба базасына келүү жөнүндөгү талапты четке кагаарын билдирди", - деди.

Обама ушуну менен президент катары Ооганстанга төртүнчү ирет барды.

Ооганстанда 13 жылга созулган согушта 2100 америкалык аскер курман болду, дагы миңдеген жоокерлер жаракат алышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG