Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

АКШ-Ооганстан: суз мамиленин залакасы


Ооганстандагы НАТО күчтөрү.
Ооганстандагы НАТО күчтөрү.

НАТОнун баш катчысы генерал Андерс Фог Расмуссен 27-январда Брюсселде 2013-жыл боюнча жыйынтыктоочу баян жасап жатып, 2014-жылы чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин Ооганстанда коопсуздук күчтөрүн каржылоо кыйындашы мүмкүн деген оюн айтты.

НАТОнун жетекчиси Ооганстандын өкмөтү эки тараптуу коопсуздук боюнча макулдашууга кол койбосо, чет өлкөлүк жоокерлер чыгарылган соң, ооган армиясы үчүн каржылык жардам алуу оорлоп каларын баса белгиледи.

- АКШ менен Ооганстандын ортосундагы коопсуздук келишимине ылайык НАТОнун макамы боюнча кичине жылыштарды байкап жатабыз. Бирок коопсуздук келишимине Ооганстан жана АКШ тарабынан кол коюлмайынча, биз акыркы вариант тууралуу айта албайбыз.

Расмуссен 350 миң жоокерин жана полиция кызматкерин каржылоого Ооганстандын өзүнүн алы жетпейт деген оюн билдирди:

- Ооган өкмөтү эл аралык коомчулуктан колдоо албаса, өз жоокерлерине жана полицияга кантип айлык төлөйт, аны мен билбейм. Абал мына ушундай.

Андрес Фог Расмуссен
Андрес Фог Расмуссен
Аталган келишимге кол коюлса, 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин өлкөдө калчу америкалык аскерлердин саны жана милдеттери аныкталмак. Ооганстандын кол койбой жаткандыгынын башкы себеби – АКШнын өзүнүн кылмышка күнөөлүү аскерлеринин Ооганстанда соттолушуна макулдук бербей жатканы.

Ооган президенти Хамид Карзай келишимге Ооганстандын эгемендиги бузулат деген жүйөөнү кармап, кол койбой келет. Карзай чечимди апрелдеги президенттик шайлоодон кийин кабыл алгысы келет. Эгер келишимге кол коюлбай калса, АКШ 2014-жылдын аягында өзүнүн бардык аскерин өлкөдөн чыгарышы керек.

Ал арада Ооганстан менен АКШнын ортосунда дагы бир пикир келишпестик пайда болду. Пентагон Ооганстандагы түрмөдөн чыкчулар боюнча кооптонуусун билдирди.

Пентагондун маалымат катчысы Стив Уоррендин билдиришинче, ооган өкмөтү жакында түрмөдөн чыгара турган адамдардын айрымдары бомба жасады, калгандары Ооганстандагы чет өлкөлүк жоокерлерди өлтүрүүгө катышы бар деп шектелгендер.

Ооган армиясы
Ооган армиясы
Ооган өкмөтү түрмөдө отургандарды далилдердин жетишсиздигинен улам аларды бошотуу чечимин кабыл алганын айтса, Вашингтон аларды коркунучтуу согушчандар деп эсептейт.

Ооган президентинин маалымат катчысы Аймал Файзи бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, АКШны өлкөдөгү тынчтык жараянын колдобойт деп күнөөлөдү:

- Америка Ооганстанда тынчтык жараянын баштай албаганын расмий түрдө моюнга алышы керек. Биз ушуну каалайбыз. Алар эмне себептен бул жараян ишке ашпай калгандыгынын себептерин аташы керек.

Аймал Файзи ошондой эле АКШ Ооганстандагы туруктуулукка жетишүү үчүн Пакистанга жана талибдерге көбүрөөк басым жасашы керек деген оюн кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG