Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Муфтий баштаган топ Сауд Арабиясына жөнөп кетти


Ажылык сапарга барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселени жеринде чечүү үчүн муфтий Максат ажы Токтомушев баштаган топ бүгүн Сауд Арабияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев билдирди. Анын айтымында, Мекеге барчуларды ташый турган авиакомпания эмдигиче аныктала элек.

Молдалиевдин айтымында, учурда Сауд Арабиясы менен Дубай авиакомпанияларынын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы жүрүп жатат.

Сауд Арабия Кыргызстан жазында атайын ачык сынак аркылуу тандап алган Fly Dubai компаниясына уруксат бербей, өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап жатат. Анын билетинин баасы 300 долларга кымбат болууда. Бул маселени чечүү үчүн муфтий баштаган топ жакынкы күндөрү Сауд Арабияга жөнөп кетти. Ажылык зыяратка бир эле ай калгандыктан, мындай жагдайдан кооптонгондор да жок эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG