Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Жемкордукка каршы күрөштүн мизи кайттыбы?


Бакиевдердин командасындагы белдүү топ-менеджер катары таанылган Учкун Ташбаев 11-августта жатак абагына чыкканы маалым болду. Сүрөттө Учкун Ташбаев оңдон экинчи.
Бакиевдердин командасындагы белдүү топ-менеджер катары таанылган Учкун Ташбаев 11-августта жатак абагына чыкканы маалым болду. Сүрөттө Учкун Ташбаев оңдон экинчи.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн камакта турган үч фигуранын абактан бошотулушу коомчулукта ар түркүн талкууларга жол ачты.

Бул бошотууларды коомчулук коррупцияга каршы күрөштүн мизи кайтты деп сындап чыкты. Анткени, бийликтер аталган бийлик өкүлдөрүнүн кесилишин жемкордукка болгон күрөштүн жыйынтыгы катары көрсөтүп келген эле.

Алардын биринчиси - коррупцияга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун чет өлкөгө дарылануу үчүн 10-августта кеткени болду. Буга Биринчи май райондук сотунун ден соолугуна байланыштуу кылмыш ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечими негиз берди. Аны адвокаты Азимбек Бекназаров Малайзияга кетти десе, айрым партиялаштары мурдатан айтылып жаткандай Германияга учканын айтышууда.

Ага удаа эле дагы бир депутат Туратбек Мадылбековдун мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатты деп соттолгон уулу Элдар мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы белгилүү болду. Уулунун Ленин райсотунун чечими менен эки жума мурда №47 абактан бошотулганын депутат Мадылбеков “Азаттыкка” тастыктады:

Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков уулунун мыйзамсыз камалганын айтып келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Турат Мадылбеков уулунун мыйзамсыз камалганын айтып келет.

- Элдар өзү деле бир нече айдан кийин чыкмак. Бирок түрмөдөгү үлгүлүү жүрүш-турушуна байланыштуу райондук сот аны мөөнөтүнөн мурда бошотту. Уулум негизи эле мыйзамсыз кесилген. Эми бошотулуп отурат. Ага мен эч кандай кийлигишкен жокмун.

Мадылбеков кошумчалагандай, учурда уулу Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдап жатат. Ден соолугун калыбына келтирген соң Элдар Мадылбеков толук акталуу үчүн жогорку инстанцияларга кайрылмакчы.

Эльдар Мадылбековду Апрель окуясынан кийин Бишкек шаардык прокуратурасында иштеп турганда Бакиевдерге тиешелүү мүлктү “жасалма документ менен менчиктеп алып, кийин сатып жиберген” деген айып тагылган. Бул иш боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго да айып тагылып, бирок парламент аны кылмыш жоопкерчилигинен калкалап калган. Кийин Жапаров депутаттык мандатынан ажыраган соң дароо чет өлкөгө чыгып кетип, андан бери өлкөгө кайтып келе элек.

Белгилүү топ-менеджер да бошотулду

Ал арада 12-августта “кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” деген айып менен 5 жылга соттолгон Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев жатак абагына чыгарылганы дайын болду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Ташбаев шейшембиде жатак абакка которулуп, үйүнө чыгарылды:

- Учкун Ташбаев өзү УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган болчу. Ал жактан Биринчи май райондук сотунун чечими менен жатак абакка которулган экен.

Убагында Бакиевдердин командасындагы белдүү топ-менеджерлердин бири саналган Учкунбек Ташбаев Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, Инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-2011-жылдары экономика министри, 2012-жылы Геология жана жер ресурстары боюнча агенттиктин башчылыгына дайындалган. Ага кен иштетүү үчүн лицензияны чет элдик компанияларга берүүдө кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылып, соттолгон болчу.

Жемкордукка күрөш кур сөзбү?

Мына ушундайча чуулгандуу кылмыштарга айыпталган саясий фигуралардын эркиндикке чыгышын коомчулуктун кайсы бир бөлүгү азыркы кыргыз бийлигинин коррупция менен күрөштө жеңилиши деп баалап, сынга алды. Бул социалдык тармактарда айрыкча кызуу талкууга жем таштады. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов акыркы бошотуулар бийликтин жемкордукка каршы кожокөрсүн күрөшү экенин ашкере кылды деген пикирде:

Депутат Акматбек Келдибеков 1-августта абактан чыгып, дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти.
Депутат Акматбек Келдибеков 1-августта абактан чыгып, дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти.

- Коррупция менен күрөшүп жатабыз демиш болдук, элди алдадык. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Муну биз башында эле айтканбыз. Себеби, эптеп эле эл көзүнө жазаламыш болгону менен аны чындап жүргүзө алышкан жок. Мына кечээ эле соттодук дегендер бүгүн эркиндикке чыгып, мыйыгынан күлүп, шылдыңдап баштады.

Анткен менен бийлик өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөш майнапсыз болду деген пикирди четке кагышат. Маселен, парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Албетте, кандайдыр бир деңгээлде ар ким жазасын алышы керектигин эл талап кылып жатканы жакшы. Негизи Келдибеков чет өлкөдө дарыланган соң кайтып келиши керек. Эгер келбей койсо, ага шарт түзүп берген депутаттар жооп бериши зарыл. Ал эми коррупцияга каршы күрөш токтоп калды дегенге кошулбайм. Ал жүрүп эле жатат. Мындан ары да уланмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгендеги эң башкы максаттарынын бири коррупцияга каршы күрөшүү экенин жарыялап, бул маселени эки ирет Коргоо кеңешинин жыйынына алып чыккан. Анда президент өлкөдөгү жемкордукка күрөштө аёо болбой турганын эскерткен болчу. Бирок оппозиция бийликтин бул күрөшүн тандалма жол менен жүрүүдө деп сыпаттап, өлкө башчы өз айланасындагылардын былыктарына көз жуумп жатат деп сындап келишет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG