Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Сот Келдибековго сырттан дарыланууга уруксат берди


Бишкектин Биринчи май райсоту Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарып, Германияга барып дарыланып келүүгө макул болду.

Коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциянын депутаты Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу чечими анын адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынды.

Райондук соттун чечимине ылайык, Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр да убактылуу токтотулду.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган ЖК депутаты Акматбек Келдибеков өткөн күздөн бери камакта.

Коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш белгилерин ичине камтыган үч кылмыш иши Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы, Салык кызматынын жетекчиси жана парламенттин спикери кезиндеги мезгилдерге туура келет. Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду жана Салык кызматын жетектеп турган учурда түзгөн коррупциялык схемалардын көмүскө пирамидасын ачып чыкканын былтыр жарыялаган.

Ошондой эле Башкы прокуратура Келдибеков парламенттин спикери кезинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачып, ага бюджеттин он миллион сомун мыйзамсыз жумшаганын таап чыккан. Андагы штаттык бирдиктер мыйзамсыз түзүлүп, мекемени ижарага алууга каражат коротулганы иликтенген.

Акматбек Келдибеков болсо өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Анын санаалаштары Келдибеков “Кыргызгаздын” сатылышына каршы чыгып,“Кумтөр” маселеси боюнча өкмөт менен макул болбогону үчүн саясий куугунтукка алынды деген пикирлерин буга чейин билдиришкен.

Октябрь райсоту май айында анын ишин кароону 27-июнга чейин узартып, депутатты тергөө абагында калтырган чечим чыгарган. Андан кийин Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен Алайда Ош-Эркеч-Там бир айдай бууп турушту. Сот иши болсо улам созулуп келди.

Акматбек Келдибеков бул арада бутунан төрт жолу операция болгону буга чейин айтылган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга чейин Келдибековдун саламаттыгы начар экенин айтышып, ага Германияга барып дарыланып келүүгө уруксат берүү маселесин козгоп келишкен эле.

XS
SM
MD
LG