ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:07

Кулчулуктан бошотулгандар Кыргызстанга келди


Кулчулуктан бошотулгандар Кыргызстанга келди

No media source currently available

Орусиянын Тула облусунда үч ай бою эмгек кулчулугунда жүргөн 11 кыргыз жараны бүгүн таңда Бишкек аркылуу Ошко учуп келишти. Зордук-зомбулукка кабылган эмгек мигранттарынын айтымында, аларды Тула облусундагы азербайжан ишкери айлык төлөбөй талаада иштеткен. “Кожоюндун” ур-токмогунан Мунара Жээналиеванын бир айлык баласы боюнан түшкөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тулада кулчулукта жүргөн 12 жаранды куткарган, бирөө Москвада калган.

​
XS
SM
MD
LG