Бул тууралуу аталган агенттиктен "Азаттыкка" кабарлашты. Агенттик дүкөндөрдө желим баштыктарды акысыз таратууга тыюу салууну сунуштаган.
"Учурда мындай баштыктар шаардын бардык бөлүгүндө таратылып, тазалыкка жана экологияга терс таасирин тийгизүүдө",- дейт агенттиктин маалымат кызматы.
Буга чейин Жогорку Кеңеш полиэтилен баштыкчаларын импорттоону азайтуу боюнча атайын мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Айрымдар желим баштыктардын ордуна кагаз баштыктарды колдонууну сунуштап келишет. (BkA)