Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Ирактагы жардыруулардан кырк үч кишинин өмүрү кыйылды


Жергиликтүү полиция билдиргендей, борбор Багдадда жанкечти шииттердин мечитин бутага алганда, 11 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары 30тан ашуун адам жаракат алды.

Ал эми борбордун сунниттер жашаган районундагы бомба жарылуусунан беш кишинин өмүрү кыйылды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кербала шаарында бомба салынган эки унаанын жарылуусунан 12 киши, Хиллада эки бомбанын жарылуусунан 11 киши мерт болду.

Мындан үч күн мурда шиит согушкерлери суннит мечитине кол салганда 70 киши мерт болгон эле.

Ирактагы диний жиктелүүнү дагы бир жолу ачыктаган бул окуялар өкмөт өлкөнүн түндүгүндө суннит согушкерлеринин “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүп жаткан учурга туш келди.

Өлкөдөгү диний жиктелүүнү азайтуу, улуттук биримдикти камсыздоо мүдөөсү менен премьер-министрликке көргөзүлгөн Хайдар ал-Абади бүгүн элдик куралдуу кошуундар менен уруулар өкмөттүн көзөмөлүнө өтүп, өз алдынча аракеттенүүлөрүн токтотуусу керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG