Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Украинада орусиялык он десантчы кармалды


Украина -- туткундалган десантчылардын бири Алексей Генералов сурак берип жатат. 26-август, 2014.
Украина -- туткундалган десантчылардын бири Алексей Генералов сурак берип жатат. 26-август, 2014.

Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдер менен согуш жүрүп жаткан аймакта орусиялык жоокерлер колго түштү. Бул окуя расмий Киевдин бир нече айдан берки Орусия жикчилдерге көмөктөшүүдө деген ырастоосуна тангыс далил болду.

Украин тарап жарыялаган видеотасмада туткундар сурак маалында алар Орусиянын Кострома шаарында жайгашкан 98-аба-десанттык дивизиясынан экенин, чек арадан адашып өтүп кеткенин айтышат.

Украинанын коргоо министрлигинин билдиришинче, армияда контракт боюнча жалданып кызмат өтөп жүргөн он десантчы 24-августта Донецк облусунда колго түшүрүлгөн. 26-августта орусиялык туткун солдаттардын сурак берип жаткандагы видеосу жарыяланды. Он жоокер тең Орусия куралдуу күчтөрүнүн 98-аба-десанттык дивизиясынан экен.

Алардын бири Сергей Смирнов: “Контракт менен кызмат өтүп жүрөм: Иваново шаарындагы 98-дивизияда. Бизге эч нерсе айтышпады. Биз БМВ-2 жана Камаз сыяктуу дөңгөлөктүү жана каз таман машинелерге жүктөлгөн техниканы коштоп баратканбыз,” - дейт видеодо.

Туткун-сержант Алексей Генералов ушу дивизиясынын 331-парашюттук-десанттык полкунун инженердик сапердук взводдунун инженердик-сапердук ротасында кызмат кылганын айтат. Катардагы жоокер Иван Мельчаков: "Бизге эч нерсе айтышпады. Үч күндө 70 чакырымды марш менен өтөсүңөр деп гана айтышкан,”- дейт суракта.

Украинада кармалган орус аскерлери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00

Орусиянын коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү РИА Новости өкмөттүк агенттигине десантчылар чек аранын эч кандай белги коюлбаган бөлүгүнөн жаңылышып кирип кеткенин жана эч кандай каршылык көрсөтүшпөгөнүн айткан.

Спутниктен тартылган фотосүрөт солдаттар туткунга алынган Амвросиевка шаарына тушташ чек арада мамлекеттик белгилер бар экенин тастыктаган.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко 26-августта Киевдеги маалымат жыйынында орусиялык туткундардын "адашып кеттик" деген сөзү шоона эшбегенин айтты:

- Биз муну жаңылыштык деп ойлобойбуз. Алар атайын миссияны аткарып жүргөн. Мына ошон үчүн Орусиянын аскер жетекчилиги алар эмне кылып жатканын ойлоо керек болуп жатпайбы. Украинанын территориясына жөнөтүлгөн аскерлердин үй-бүлөлөрү уулдары кайда жөнөтүлгөнүн билбегени тууралуу бизде түрдүү маалыматтар бар. Аларга силер машыгууга барасыңар деп айтылган.

Лысенко ошондой эле орусиялык эки тикучар Украинанын чек ара тосотуна чабуул жасап, төрт чек арачы өлүп, башка үчөө жарадар болгонун маалымдады. Бирок бул маалыматты башка булактар тастыкташа элек.

Буга чейин орустардын бейөкмөттүк Slon.ru сайты жана жергиликтүү “Псковская область” гезити Украинадагы жикчилдер контролдогон аймакта өлгөн Леонид Кихаткин менен Александр Осипов аскерий каада менен жайга берилгенин жазышкан. Алар мүрзөдөгү жазууга караганда, 19 жана 20-августта курман болушкан.

Украинанын Inter TV телеканалынын журналисти 21-августта Фейсбукта Луганскиде согуш болгон жайда калган куралдарды жана документтерди, анын ичинде Псков аба-десанттык дивиязиясында кызмат өтөгөн Илия Максимовдун атына жазылган айдоочунун лицензиясынын сүрөтүн жарыялаган. Бул солдаттын Саратов шаарында жашаган апасы Любовь Максимова кабарчыларга уулу менен 17-августтан бери байланыша албай жатканын билдирген. Акыркы ирет уулу Украинага чукул Ростов шаарынын жака белинде аскерий операцияга катышып жүргөнүн айткан.

Маалыматтар боюнча, апрелден бери Украинанын чыгышындагы жаңжалда 2 миңден ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG