Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Нарында 15 мугалим ачкачылык жарыялады


Нарындагы Үсөн Асанов атындагы облустук лицейдин 15 чакты мугалими мектеп директору Жаңыл Жаанбаеванын кызматтан кетүүсүн талап кылып ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу аталган лицейдин кесиптик кошуунун төрайымы Бактыгүл Абылова “Азаттыкка” билдирди.

- Бизде директор, завуч, эсепчи биригип алып каалаганын кылып жатышат. Лицейге жалаң жакындарын чогултуп алышты, аларга көп айлык коюп беришет. Каршы чыккан кишилерди куугунтуктап жатышат. Тиешелүү органдарга кайрылдык, ушуга чейин эч кандай чара көрүшкөн жок, - деди Абылова.

Абылова кошумчалагандай, мектеп жетекчилигине каршы чыккандардын саны 30га жакын. Алар ачкачылык акциясы облакимчилик алдында талабы аткарылмайынча уланарын айтууда.

Ал эми мектеп жетекчиси Жаңыл Жаамбева өзүнө карата айтылган дооматтарды жокко чыгарат. Ал бул каршылыкты кызмат ордуна кызыктар тарап чыгарып жатат деген ойдо.

Нарын облусу боюнча жалгыз Асан Үсөнов атындагы лицей - жатак мектеби бар. Анда жалпы 200дөн ашык окуучу окуса алардын 98и жатып окушат. Жатып окугандар ата-энеси жоктор, же ата-энесинин окутууга шарты жок окуучулар. (UEz)

XS
SM
MD
LG