Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Кремль жана Киев атышууну токтотуу режими сакталып жатканын билдиришти


Ишемби күнү Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Петр Порошенко телефондон сүйлөшүп, эки тарап тең Донбасстагы ок атышууну токтотуу режими жалпысынан сакталып жатканын белгилешти. Украин президентинин сайты эки өлкө башчылары ок атышууну токтотуу режимин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын билдирет.

Жетишилген келишимдерди сактоо үчүн, ошондой эле Украинанын чыгышындагы элге гумжардам жеткирүүдө биргелешип иштөө үчүн эки президент тең ЕККУну арага тартууну белгилешти.

Орус президентинин маалымат кызматы Путин менен Порошенко диалогду улантууну макулдашканын кабарлады.

Кечээ Минскиде Украина, ЕККУ, Орусия жана өзүн-өзү “эл республикасы” деп атаган Донецк менен Лугансктын өкүлдөрү Украина чыгышындагы кризисти жөнгөрүү боюнча жыйын өткөргөн. Жолугушуу жыйынтыгында Донбасстагы атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча келишимге кол коюлган.

XS
SM
MD
LG