Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Орусия: кыргызстандыктардын 97% мекенине кайткысы келет


Орусиядагы этникалык топторду жана миграциялык маселелерди изилдөө борбору ал жактагы кыргызстандык мигранттар арасында сурамжылоо жүргүзүп, ушундай тыянак чыгарды. Орусиянын кесиптик кошуундар уюму тараткан маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 97 пайызы Кыргызстанга кайра кетүүнү кааларын, 3 пайызы гана Орусияда дайым жашап калууга макул экенин билдирген.

Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү 18ден 29 жашка чейинки жарандар. Басымдуу бөлүгү эркектер. Алардын 20 пайызы орус жарандыгын алган. “Ар бир онунчу кыргызстандык орус тилин билбейт”, - деп жазылат баяндамада.

Расмий эсепте Орусияда 570 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Чынында алардын саны миллиондон ашуун экенин айтылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG