Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

103 жаш курагында Айша Карасаева дүйнө салды


Филолог, түрколог Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаеванын дүйнө салганы тууралуу КТРКнын башкы директорунун радиоуктуруулар боюнча орун басары Кайрат Иманалиев билдирди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең 11-сентябрда түшкү саат бирде Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрда өтөт.

Айша Карасаева 1927-жылы «Жабык араба» фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул кинодо А.Карасаева Айжамалдын ролун ойногон.

Мындан тышкары ал 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору болуп саналат. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте кыргыз тилинин стенографиясы боюнча сабак берген. 1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон. Айша Карасаева 1912-жылдын 8-мартында жарык дүйнөгө келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG