Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

Орусияга каршы санкциялар 12-сентябрда күчүнө кирет


АКШ президенти Барак Обама Орусияга каршы жаңы санкциялар 12-сентябрда күчүнө кирет деп билдирди. Ал АКШ жана Евробиримдиктин бул чечими Москванын Украинага жасаган “мамилесине” жооп экенин белгиледи.

Евробиримдик Украинанын чыгышындагы тынчтык процессине көз салып турмакчы жана ага жараша өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

Жаңы санкцияларга ылайык, “кара тизмеге” "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром" мунай компаниялары киргизилди. Шаркеттин мүчөлөрүнө аларды каржылоого жана насыя берүүгө мындан ары тыюу салынмакчы. Жазалоочу чараларга ошондой эле Орусиянын коргоонуу тармагында иш алып барган фирмалар кабылды. Атап айтканда, алар менен иш жүргүзүү кыйла чектелди.

Орус Тышкы иштер министрлиги санкцияларды “достук мамилеге” жатпаган иш-аракет катары баалап, Москва тиешелүү жооп кайтарат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG