Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Атамбаев менен Рахмон чек ара маселесин талкуулайт


Атамбаев баштаган кыргыз делегациясын тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзода тосуп алды. 11-сентябрь, 2014-ж. Дүйшөмбү шаары.
Атамбаев баштаган кыргыз делегациясын тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзода тосуп алды. 11-сентябрь, 2014-ж. Дүйшөмбү шаары.

Бүгүн Дүйшөмбү шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугуп, эки өлкө ортосундагы ымаланы, анын ичинде чек ара маселесин талкуулайт. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында болот.

Ошондой эле Атамбаев менен кошо барган кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жаатында Тажикстандын өкмөт мүчөлөрү менен пикир алмашышат. Андан сырткары кыргыз расмийлери Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Дүйшөмбү шаарына 11-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаев баштап барган делегация курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, унаа жана байланыш министри Калысбек Султанов, Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшембиев, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков бар. (SE)

XS
SM
MD
LG