Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

“Бир дүйнө - Кыргызстан” 24 айылга кино көрсөттү


Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын уюштуруучулары өлкөнүн алыскы 24 айылын кыдырып, кино көрсөтүп келди.

Сексуалдык кулчулукка, аялдардын жер укугуна жана мигранттын турмушуна арналган 3 даректүү тасма 15 күн ичинде өлкөнүн эң алыскы 24 айылында көрсөтүлдү. Жергиликтүү бийликтин каршылыгынан улам Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тасмалар көрсөтүлгөн эмес.

Быйыл 8-жолу өтүп жаткан даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы Бишкекте 7-11-октябрь күндөрү өтөт. Даректүү тасмалар көрөрмандарга “Манас” кинотеатрында сунушталат. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт. (UEz/TSh)

XS
SM
MD
LG