Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Жер ортолук деңизинде эки кеме чөгүп, жүздөгөн киши набыт кетти


Африкадан Европага баратып, Мальта аймагында чөгүп кеткен кемеде 500 адам болгону, анын тогузу гана тирүү калганын Эл аралык миграция уюму кабарлады. Аларды Грекия менен Мальтанын суучулдары куткарып калды.

Жүздөгөн мигранттар менен 6-сентябрда жолго чыккан кеме төрт күндөн соң Жер ортолук деңизинде чөгүп кеткен. Бирок окуя тууралуу 15-сентябрда гана маалым болду.

Тирүү калгандардын ичинен эки киши алар бараткан кемеге Мальта тараптан белгисиз бирөөлөр чабуул жасаганын билдирди.

Кырсык тууралуу айтып берген эки адам палестиналык экени маалым болду. Тактала элек кабарларга ылайык, кемеде Сириянын, Египеттин жана Судандын жарандары болгон. Тирүү калган 9 кишинин жетөө өзүнө келе элек. Алар учак аркылуу Грекиянын Крит шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Ал арада дүйшөмбүдө дагы бир кеме чөгүп кеткени тууралуу кабар тарады. Ливияда 250 мигрант менен бараткан кеме кыйрап, көпчүлүк жүргүнчүлөр апаат болгону айтылууда.

Африкадан Европага кеме аркылуу мыйзамсыз иштеген мигранттар көп барат. БУУнун маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери эле легалсыз эмгектенген 130 миң африкалык аныкталган.

XS
SM
MD
LG