Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Талиеваны кызматтан алуу тууралуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Буга чейин Талиеваны министрликке көрсөткөн “Ар-намыс” фракциясы аны кызматтан алуу тууралуу сунуш бергени кабарланган.(BkA)