Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Тажикстан: сакалчандарга «жортуул» жүрүүдө


Күчтөп сакал алдыруу Дүйшөмбүдө эки айдан бери байкалып жатканы айтылууда.
Күчтөп сакал алдыруу Дүйшөмбүдө эки айдан бери байкалып жатканы айтылууда.

Тажикстандын көчөлөрүндө, базарларда милиция сакалчан кишилерди кармап, ал тургай мажбурлап сакалын алдырышы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.

Мындай көрүнүшкө туш болгон жарандар укуктары одоно бузулганын айтып, бийликти күнөөлөп жатышат. Расмийлер эч кимге мындай тапшырма берилбегенин айтышууда.

Тажикстандык Озот сакал коюу-койбоо боюнча маселени өз алдынча чече албай тургандыгын жакында билди. Аны Хужан базарынан милиция кызматкерлери кармап кетип, бөлүмгө алып барышкан. Ал жакта мажбурлап сакалын кырып салышканын бул жигит «Азаттыктын» тажик кызматына айтып берди. Айтымында, ал соңку он жылдан бери сакал коюп, көп өсүп, саксайып кетпеш үчүн жакшылап тегиздеп карап жүргөн экен.

- Сакалымды эмнеге кырып салышкан себебин түшүнбөй жатам. Базарда жүрсөм мерседес үлгүсүндөгү машина менен милиция кызматкерлери жаныма келип токтоду. Алар бүгүн түнү сакалчан киши адам өлтүргөнүн, алар менен чогуу барышым керектигин айтышты. Милициянын бөлүмүндө бармагымдын эн белгисин алып, сүрөткө тартышты. Анан 5-6 адам мени башка бөлмөгө алып барышты. Ал жакта сакалды кырганга бардык шаймандар даярдалып туруптур. Суранганыма карабай колумдан кармап туруп, сакалымды кырып салышты. Үйгө келсем аялым башкача түшүнүп, бир канча күн экөөбүз урушуп жүрдүк.

Бир чети көнбөй, экинчиден ызаланган Озот кайрадан сакал коём деп турган чагы. Ал Дүйшөмбүдө эмес, Москвада деле сакалчан жүргөнүн, анын сакалы эч кимге жолтоо болбогонун айтат. Анын үстүнө сакал коюу - сүннөт деп эсептейт.

Жергиликтүү тургундардын пикиринде, тартип коргоо органдарынын сакалчалдарга жасаган «жортуулу» "Кербен","Султан Кабир" деген сыяктуу ири базарларда көбүрөөк кездешүүдө. Мындай көрүнүш Дүйшөмбүдө эки айдан бери байкалып жатканын айтышууда.

Айрым маалыматтар боюнча, ШКУ саммитинин алдында атайын операция жүргүзүлүп, сакал-муруту бар 200дөй адам милиция бөлүмүнө чакырылган. Ондогон кишилерди биз башында сөз кылган Озоттой кылып мажбурлап сакалын алдырышкан же өздөрү алган.

«Кербен» базарынын атын атагысы келбеген сатуучусу шариятты жана адам укуктарын одоно бузду деп милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

- Милиция өзгөчө сакалчан жаш жигиттерди алып кетишет же бөлүмгө баргыла деп кагаз ташташат. Менин бир таанышымды да ошентип алып кетип, сакалын кыскартышын талап кылышыптыр. Бул сүннөт экенин айтканда, милиция кызматкерлери "40 жашка келгенде сакал коё бересиң, азыр алып сал", - деп айтышыптыр. Бул шариятка, адам укуктарына да туура келбейт.

Уламалар кеңешинин фатва бөлүмүнүн мурдагы башчысы Кобил Боев азыр айрым жаштар ашыкча болуп кетишкенин, сакал коюшканы менен чолок шым, жеңи кыска көйнөк, футболка кийип жүрүшкөнүн сындады.

- Эгер шарият жолунда жүрөм десе тиешелүү эрежелерди да сакташ керек. Сакал коюп жүрүүнүн да өз эрежеси болот. Аны таза жана тыкан алып жүрүүсү зарыл. Азыр көрсөң кээ бири кыска шым, жеңи кыска көйнөк кийип жүрүшөт. Тескерисинче, аларды көрүп жийиркенесиң.

Тажикстанда мындай көрүнүш мурда да катталган. Бирок жергиликтүү тургундар өлкөдө өтчү чоң иш-чаралардын алдында бул күч аларын белгилешүүдө. Анткен менен ШКУ саммитине жарандардын сакалы эмнеси менен жакпай, эмнеси менен жолтоо болгонун түшүнө албай турушат.

Социалдык тармактарда Дүйшөмбү, Хужанд, Истаравшан жана Панжакентте ондогон адамдар «сакал кыруучулардын» курмандыгы болгонун жазып чыгышты. Оппозициялык партиянын жетекчиси Сино Хасонзада чачтарачта кезек күтүп турган кишилердин сүрөтүн Фейсбукка жайгаштырды. Кезек күтүп тургандар аларды милиция мажбурлап жөнөткөнүн айтышкан.

Анткен менен Панжакент районунун милиция башчысы Рахманкул Давлатов сакалчан кишилердин аялдары аларга рахмат айтып, акыр аягы күйөөлөрүнүн жүзүн көрдүк деп сүйүнүп жатышканын «Азаттыктын» тажик кызматына билдирген.

XS
SM
MD
LG