Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Шотландия Улуу Британиянын курамында калат


Шотландия референдум күнү
Шотландия референдум күнү

18-сентябрда өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча добуш бергендердин көпчүлүгү Улуу Британиянын курамында калууну колдоду.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Шотландиянын Британиядан көз каранды эмес болушуна каршылар жалпы добуш бергендердин 55% түздү.

Өлкөнүн Улуттук партиясынын лидери Алекс Салмонд шотландиялыктардын көбү эгемендикке каршы добуш бергенин моюнуна алды. Ал эми анын орун басары Никола Старжен көз каранды эместикке умтулгандар менен ага каршылардын санында айырма бир аз гана болуп калганына "ичи ачышып" жатканын жашырган жок.

18-сентябрда өткөн референдумда көз карандысыз Шотландия мамлекети болсунбу? - деген суроо коюлган.

Бул тарыхый референдум алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, шотландиялыктардын 48-52% Бириккен Падышалыктын курамынан чыгууну колдоорун билдирген. 20% шотландиялыктар “ооба” же “жок” деп жооп берүүнү чече электиги маалым болгон. Төрт миллиондон ашуун киши добуш берүүгө катталган, бул жашы 16дан өйдө калктын 97% түзөт.

Эгер шотландиялыктардын көбү Бириккен Падышалыктан чыгууну колдоп добуш берсе, дүйнөдө дагы бир жаңы мамлекет тынч жол менен пайда болот. Анда 2016-жылдын 24-мартында тарыхы 307 жылга созулган бириккен союздун биримдиги соңуна чыгат.

Шотландиялыктар эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

Шотландиянын жикчил Улуттук партиясынын лидери Алекс Салманд "Бизде мындан дагы өнүккөн, мындан дагы адилеттүү өлкө курууга жол бар. Андыктан Шотландия мүмкүнчүлүктү колунан чыгарбоосу керек" деп добуш берип чыккандан кийин айтты.

15-сентябрда британ премьер-министри Девид Кэмерон эгерде Шотландия Улуу Британиядан бөлүнүп кетсе, “жүрөк жаралаган” окуя болоорун айтып, ошону менен бирге кайра биримдикке кире албастыгын эскертти.

Шотландиялыктардын референдум алдындагы маанайын байкаган британ саясатчылары Эдинбургга көбүрөөк автономия берилерин убада кылышты. 16-сентябрда Англиянын Либерал демократтар менен оппозициядагы Лейбористтер партиялары эгерде шотландиялыктар референдумда “жок деп” жооп берсе, Шотландиянын парламентине салыкты коротуу жана байлыкты бөлүштүрүү сыяктуу негизги укуктар бериле тургандыгын айтышты.

Көз карандысыздыкты көздөгөн шотландиялыктар мындай убадаларга кулак салчудай эмес. Өз мекенинин келечегин эгемен өлкө катары көргөн 30 жаштагы Мило Маклафлинди англиялык саясатчылардын убадасы муюткан эместей:

- Азыр алар бизге ыйгарып жаткан бийликке ишенүү кыйын. Мындай бийлик берилерине эч ким кепилдик бербейт, анткени алардын партияларынын башка мүчөлөрү буга макул болбойт жана убадалар ишке ашпайт. Алар дүрбөлөңгө түшүп эле бизге убадаларды берүүдө.

Шотландияда жашаган 16дан өткөн британ жарандары же башка Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандыгы бар тургундары бул референдумда добуш берүүгө укуктуу. Ал эми Шотландияда туулуп, бирок анын сыртында жашагандар добуш бере албайт.

Көз карандысыз оппоненттер болсо “күч бирдикте” десе да, Англия менен Шотландиянын ортосундагы социалдык-экономикалык айырмачылыкты белгилешет. Лондондогу күчтүү бийликти денцентрализациялаштырып, Уэльске көбүрөөк ыйгарым укук берүү жөнүндө чакырыктар эмитеден эле айтылууда.

18-сентябрда Шотландия көз карандысыздык үчүн добуш берсе Испаниядагы каталондор менен басктар, Түркиядагы күрттөр, Кытайдын курамындагы тайвандыктар, Франциядагы тироль жана корсикалыктар, атүгүл Германиядагы бавариялыктардын дагы бүйүрүн кызытарын эксперттер белгилешет.

Шотландиянын калкы 5 миллион 300 миңге чукул. Европа Биримдигиндеги эң ири мунай өндүрүүчү. Британиядагы мунай өндүрүшүнүн дээрлик 90% Шотландияда жайгашкан. Өнөр жайы өнүккөн өлкөдө дүйнөдөгү кемелердин бештен бири чыгат. Атактуу вискинин мекени.

XS
SM
MD
LG