Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Эламан Догдурбек уулу эркин күрөш боюнча мелдешке чыгып, коло медал алды.
Ал 70 килограммга чейинки салмакта кытайлык Мьонгсонг Жанганы 6:0 эсебинде жеңип, коло медал тагынды. Ушуну менен Кыргызстан Азиададан эки медалдуу болду. Мындан мурдараак велоспортчу Евгений Ваккер күмүш медалды багынткан.
Инчхон шаарында Азия оюндары 19-сентябрда башталган, 4-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 114 спортчу катышууда. (UEz)