Бүгүн Чолпон-Атада “Тоо кен тармагына кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууну жолго коюу жана чыр-чатактарды азайтуу” аттуу улуттук конференция башталды. Ага өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, эл аралык уюмдар жана өлкөдөгү кен казган компаниялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышууда. Жыйын жүрүшүндө тоо-кен компаниялары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы мамилени жакшыртуу жана ар кыл чыр-чатактарды алдын-алуу жолдору талкууланууда. Бул үчүн тармакта тоо-кен тармагындагы иш алпарган компаниялар өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Конференция эки күнгө созулат.
Кыргызстанда кен казган компаниялар менен жергиликтүү калк ортосунда чыр-чатактар көп катталат. Буга чейин кен чыккан аймактагы калктын нааразылыгынан улам бир катар компаниялар ишин токтотууга мажбур болгон.
Дүйнөдө жылына 2 миң тонна алтын өндүрүлөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан алдыда. Бул өлкө жылына 70 тонна, Казакстан 40 тонна, ал эми Кыргызстан 15-20 тоннага жакын алтын өндүрөт. (GA/BkA)