Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Крым татарлары жоголгондорду Орусиядан көрөт


Түркияда жашаган крым татарлары Крымда жүрүп жаткан репрессияга каршылык билдирип, Анкарада нааразычылыкка чыгышкан. Анкара. 18-сентябрь,2014-жыл.
Түркияда жашаган крым татарлары Крымда жүрүп жаткан репрессияга каршылык билдирип, Анкарада нааразычылыкка чыгышкан. Анкара. 18-сентябрь,2014-жыл.

Крымда акыркы 10 күн ичинде эле үч татар жигиттин ың-жыңсыз жоголушу крым татарларын коркутуу катары бааланууда.

Активисттер бул окуяларды Орусиянын Крымды аннексиялоосуна каршыларга карата репрессиясынын уландысы деп айтышууда. Ал ортодо Крымдагы татарлардын лидери Мустафа Жемилев марттан бери 18 адам дайынсыз деп билдирди.

27-сентябрда ага ини 18 жаштагы Ислям Жепаров менен 23 жаштагы Жевдет Ислямов Белогорск шаарынан алыс эмес жерден, андан эки күн өтпөй 29-сентябрда Эдем Асанов Ефпоториядан дайын дарексиз жоголушту. Алдыңкы айтылган жигиттерди билгисиз кишилер колун кайрып фургонго салып жатканын көргөндөр алардын атасы Абдурешит Жепаровго айтышкан. Окуя кечке жуук болгон.

Өткөн дүйшөмбү Белогорск шаарынын айрым татар активисттери жана жергиликтүү тургундары Абдурешит Жепаровдун үйүнүн алдында жыйын өткөрүшкөн.

«Балдарды салып кеткени аябай жаман окуя! Эки күндөн бери ыйлап отурам. Мен ал балдарды аябай жакшы билчүмүн! Жоош, жакшы балдар эле", – дейт балдардын жоголушун талкуулаган жыйынга келген Сары-Су айылынын тургуну.

Чогулушта активист Жепаров баласын издеп, чар тарапка кабар берип социалдык тармактарга маалымдаган соң анын үйүн органдын адамдары тинтүүгө алганын, натыйжада жоголгон баласынын компьютерин жана айрым буюмдарын алып кетишкенин ачыктады.

Жыйынга Белогорск аймактык межилис төрагасы Мустафа Асаба да катышкан. Эл өкүлү тартип коргоочулар анын үйүн да бейуруксат тинтүүгө алганын, акыркы окуялар Крым жаңы бийлигинин чектен ашып кеткенин айгинелейт дейт:

- Эгер тигил же бул жигиттерден кооптонуп же шекшинип жатышса, аларды атайын чакырып суракка алышса болмок. Бул үчүн атайын орагандар, жараяндар бар. Бул аша чапкандык.

Мустафа Асаба акыркы айда жоголгон үч жигиттин бирөө да коомдук саясий иш-чараларга катышпаганын белгилейт.

Ал ортодо Крымдагы татарлардын улуттук лидери Мустафа Жемилев Европа Кеңешинин Паламенттик ассамблеясында сөз сүйлөп жатып, ушул жылдын март айында Орусия Крымды окупациялап алгандан бери 18 крым татары дайынсыз жоголгонун билдирди. Ал Крымдын Орусия дайындаган бийлиги татарларга кысымын күн санап күчөтүп жатканын, алар каалаган мезгилде каалаган үйдү тинтүүгө алып, каршы сөз сүйлөгөндөрдү камакка алып жатканын да белгилеп өттү.

Май айында төрт крым татар активистти Леонид Корж, Тимур Шаймарданов, Василий Черныш жана Сейран Зинединов да ың- жыңсыз жоголуп кетишкен. Алардын жакындары бир добуштан бул орус коопсуздук органынын гана жасаган иши деп айыптап келет.

16-мартта болсо Симферополдо болгон протест мезгилинде дайынсыз жоголгон Решат Аметовдун сөөгү табылган. Денесиндеги издер анын кыйнап өлтүрүлгөнүнөн кабар берет деп жазат “Азаттыктын” крым татар кызматы.

Мунун бардыгы татарлардын Орусия аннексиясына каршы позициясынан башталган. Андан бери алардын лидери Мустафа Жемилевге Крымга кирүүгө тыюу салынды. Анын баласы курал алып жүргөн жана киши өлтүрүүгө тиешеси бар делинип камакка алынган.

Өткөн айда Нью-Йоркто өткөн түпкүлүктүү элдердин маселеси боюнча БУУнун дүйнөлүк конференциясына Орус бийлиги крым татарларынын өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат бербей койгон.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG