Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Дыйканбаев: “Ата-Журт” менен “Республиканы” жоюу мыйзамсыз болуп калат


Мындай оюн “Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында учурда аталган эки партияны бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок расмий чечим эки жумадан кийин гана кабыл алынат.

- “Ата-Журт” менен “Республиканы” жоюп, бир партияга биригүү,менимче мыйзамга да туура келбей калат. Анткени эки партиянын тең өз шайлоочулары бар, аткара турган иштери бар. Кандай форматта биригүү болору азырынча белгисиз. Бирок бирге иш алып баруу боюнча сүйлөшүп жатабыз - , деди Дыйканбаев.

“Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси Нурланбек Шакиев 5-октябрда “Азаттыкка” берген маегинде эки партиянын биригиши боюнча процедура аяктап калганын, кийинки парламенттик шайлоого бир тизмеде барарын билдирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG