Кечээ Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу айылында токмоктук аял эки баласы менен беш жылдан бери кулчулукта жүрөт деген кабар чыккандан кийин укук коргоочулар жана тартип коргоо кызматкерлери териштирүү үчүн жерине барган.
8 жаштагы кызды ал жерден алып кеткени менен, 7 жаштагы инисин кулчулукта кармап жүрөт деп шектелген үй-бүлө чатак чыгарып бербей койгон. Учурда кыз Бишкектеги жетимдер үйүнө убактылуу жайгаштырылганын “Азаттыкка” “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Укук коргоочунун айтымында, балдардын ата-энеси ажырашып кеткен, атасына кабар берилип, ал балдарды өзүнө алууга аракет жасап жатат.
- Балдар ошол жерде мурун энеси менен жашачу экен. Апасы да ошол үй-бүлөдө малай катары иштечү экен. Бирок энеси жоголуп кетиптир, учурда анын дайын-дареги жок. Жергиликтүү райондук тартип коргоо кызматтары мурунтадан эле ушул маселеге көңүл бурса болмок. Себеби бул көп жылдан бери уланып келаткан экен.
Учурда бул факт боюнча облустук милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да аталган аймакка бул окуянын чын-бышыгын териштирүү үчүн өз өкүлүн жөнөткөнүн билдирди. (ZMa)