Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Парламент гей-пропаганданы токтоткусу келет


Кыргызстанда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесине үгүттөөгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.
Кыргызстанда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесине үгүттөөгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

Парламент Кыргызстанда гомосексуалдык мамилени жайылтууга каршы мыйзамдык чектөөлөрдү киргизүүдө.

Гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр каралып, биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү. Айрым депутаттар муну сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укугун басмырлоого багытталган чара катары баалап, анын Баш мыйзамга каршы келерин эскертишти.

Мыйзам чарасынын зарылдыгы эмнеде?

Бул мыйзам долбоору гомосексуалдык мамилени жайылтууга жана ага карата оң көз карашты калыптандырууга багытталган маалыматтарды чектөөнү ичине камтыйт. Бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесине үгүттөө, жайылтуу жана колдоого байланышкан аракеттер үчүн эми жоопкерчилик каралат. Мындай жоосун үчүн алты айдан бир жылга чейинки жаза мөөнөтү же ири өлчөмдө акчалай жазана салуу жагы сунушталууда. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине, Административдик жоопкерчилик кодексине, Тынч чогулуштар жана Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болорун белгиледи:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1990-жылы гомосексуализмди эч кандай оору эмес деп тапкан. Биз мындай адамдардын укугун басмырлабай эле турабыз. Алардын пропаганда кылуу аракеттерин гана чектедик. Башка өлкөлөрдө аларды мамлекеттик кызматка жолотпойт жана алардан донор катары кан алууга тыюу салынган. Бизде андай кодулоо чаралары жок.

Адам укугу басмырланбайбы?

Ошол эле кезде бир катар депутаттар сунушталган демилге Баш мыйзамдагы адам укуктарына карама-каршы келерин айтып чыгышты. Анткени бул чаралар коомдо адамды сексуалдык өзгөчөлүгүнө карап кемсинтүүгө жана басмырлоого жол бере турганы белгиленди. Адамдын сексуалдык багытына карабастан кемсинтилбешине жана анын жеке жашоосунун кол тийгистигине Баш мыйзам кепилдик берген. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асия Сасыкбаеванын айтымында, мындай чаралар сексуалдык азчылыктын укуктарын басмырлайт:

- Турсунбай мырза, мындай адамдар мусулмандардын арасында дагы бар экенин сиз өзүңүз жакшы билесиз. Мындай көрүнүш эми оору экенин дарыгер- психиатрлар дагы көп айтышат. Анан эми мына ошондой жагдайда бул чектөөлөрдү кабыл алсак, анда ал биздин Баш мыйзамга жана биз кабыл алган эл аралык конвенцияларга каршы келип калат.

Адеп-ахлакты сактоого аракет

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу буга каяша кайтарып, адамдын укугун чектөөгө негиз бере турган Баш мыйзамдын башка бир беренесин жүйө келтирди:

- Урматтуу кесиптешим, Асия Сасыкбаева мусулмандардын арасында гейлер бар дегениңизге мен макул эмесмин. Эгерде адам гей же лесбиянка болсо, ал мусулман эмес. Анан эми коомду ошондой илдеттен тазалоо үчүн укуктук негиз табуу үчүн бизге Баш мыйзамдын 20-беренеси жардамга келет. Анткени анда мамлекеттин коопсуздугун жана коомдун адеп-ахлагын сактоо үчүн адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алса болот деп көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоорун парламент бекитип, күчүнө кирсе маалымат каражаттарында же коомчулук алдында гомосексуалдык мамилени пропагандалоо жана ага карата оң көз карашты калыптандырууга багытталган маалыматтар үчүн жаза чаралары колдонула баштайт. Бул мыйзам долбоору кемчиликтерди оңдоо эскертүүсү менен парламентте биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG