Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Эболадан өлгөндөрдүн саны 4033кө жетти


Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, эбола вирусу дүйнөнун жети өлкөсүндо тездик менен жайылууда. 8-октябрга карата илдет жуктуруп алгандардын саны 8400гө жетти.

Эболадан Либерияда 2316, Сьерра-Леондо 930, Гвинеяда 778, Нигерияда сегиз жана АКШда бир жаран көз жумду. Испания жана Сенегалда бирден учур катталды. Мындан сырткары Конго демократиялык республикасында 71 факт катталып, 43 бейтап ажал тапканын Reuters агенттиги жазып чыкты. Ал арада Македонияда эбола вирусун жуктуруп алган британ жараны өлдү. Кабарларга караганда, вирустун белгилери Британиянын дагы бир жаранында байкалган.

Эболага каршы Британия баштаган бир катар өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөтүп, коомчулукту илдетке бирге каршы турууга үндөөдө.

XS
SM
MD
LG