Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Милан: АСЕМ саммитинде Украинадагы кризис талкууланат


Миланда өтүп жаткан “Европа-Азия” (АСЕМ) саммитинде Украинадагы кризисти жөнгө салуу негизги маселе катары каралат деп күтүлүүдө. Бүгүн таңда тамак үстүндөгү сүйлөшүүгө Орусиянын, Украинанын, Франциянын президенттери Владимир Путин, Петро Порошенко, Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркел, Италия жана Британиянын өкмөт башчылары Маттео Ренци, Девид Кэмерон, Европа биримдигинин жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу, Еврокеңештин башчысы Херман ван Ромпей катышты.

16-октябрдын түнүндө Меркел менен Путин Минск келишиминин аткарылышы боюнча эки сааттан ашуун убакыт сүйлөшкөн. Анда эки лидердин Украинадагы жаңжалдардын келип чыгышы жана азыркы абал боюнча көз караштары эки башка бойдон калды.

Буга чейин «Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча диалог кеңири фоматта уланат деп күтүп жатабыз» деп билдирген Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков. (КЕ)

XS
SM
MD
LG