Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

HRW: Украинада чачыратма бомба колдонууну айыптады


Бул тууралуу эл аралык адам укуктары боюнча Human Rights Watch уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда украин аскерлери жана жикчилдер октябрдын башында Донецкте чачыратма бомба колдонушканы белгиленген. Аталган уюм эки тараптын кармаштарында куралдын бул түрү колдонулуп жатканын документтештирген. “Калктуу аймактарда чачыратма бомбаны колдонуу согуш мыйзамдарын бузат жана бул аскерий кылмыш катары каралышы мүмкүн”, - деп жазылган 20-октябрда жарыяланган баяндамада.

Amnesty International уюму да буга байланыштуу билдирүү таратып, “атайылап адамдарды өлтүрүү” боюнча жикчилдер жана украин аскерлери күнөөлүү болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Чачыратма бомба жерге түшкөндө заматта жарылбайт, ага кийин кимдир бирөө тийсе гана атылып кетет. 111 мамлекет кол койгон келишимге ылайык, бул өңдүү бомбаны колдонууга тыйуу салынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG