Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Пакистанда оппозициялык телеканал убактылуу жабылды


Пакистан бийлиги “сот органын каралады” деген жүйө менен оппозициялык деп эсептелген ARY News телеканалын 15 күнгө жапты. Маалымат каражаттарын көзөмөлдөө органынын белгилешинче, телеканалга 10 млн. рупий же 100 миң доллар айып пул салынды. ARY News өкмөт башчы Наваз Шарифтин кызматтан кетүүсүн талап кылган акцияларды көрсөтүп келген. Пешавардын түндүк-батышында телеканалдын жабылышына каршы ондогон адамдар нааразылык акциясын өткөрүштү.

Бул телеканалдын жабылышына байланыштуу Пакистандагы экинчи учур. Июнь айында “атайын кызматты айыптады” деген жүйө менен GEO News телеканалы эки айга жабылган. Укук коргоочулар бийликтин бул кадамын саясий чечим катары баалап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG