Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

АКШ украиналыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды


АКШ бардык украиналыктарды, учурда жикчилдердин көзөмөлүндө турган чыгыш аймактарынын жана Орусия аннексиялаган Крым жашоочуларын парламентти шайлоого жигердүү катышууга үндөдү. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки 26-октябрда өтө турган шайлоо Украина үчүн “бурулуш учур” болорун белгиледи. Шайлоого карата кийлигишүүнүн бардык түрүн АКШ айыптай турганын да эскертти.

Өзүн "Донецк жана Луганск элдик республикасы" деп атап алгандар өз алдынча шайлоону ноябрь айында өткөрүшөрүн билдиришүүдө. Псаки 26-октябрдагы шайлоо гана мыйзамдуу экенин билдирип, АКШ Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана реформаларды жасоо багытында жаңы парламент менен иштешүүгө даяр экенин айтты.

Президент Петр Порошенко парламентти таркатуу тууралуу жардыкка 25-августта кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG