“Манас” банкы боюнча Париж сотунун чечими туура эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекеттин карамагына алууда мыйзам бузган эмес:
- “Манас” банкы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевге таандык болгонун баарыбыз эле билебиз. Бирок Белоконь менин укугум бузулду деп сотко кайрылыптыр. Сотко кайрылуу эми анын укугу. Бирок бул чечим туура эмес деп ойлойбуз, - деди Шыкмаматов.
24-октябрда Париждеги арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16, 5 миллион доллар доого жыкканын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан. Анда Белоконь 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугум бузулду деп даттанган.