Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Малиде эболага чалдыккан наристе чарчап калды


Бул тууралуу өлкө расмийлери маалымдады. Бир күн мурда эки жашаар кыздын анализдеринен жугуштуу тумоонун илдеттери аныкталып, ал Кайс шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Мали эболанын очогу деп саналган үч өлкөнүн катарына кирген Гвинея менен чек аралаш өлкө.

Дарыгерлердин айтымына караганда, наристенин энеси Гвинеяда эболадан каза тапкан соң кыздын туугандары аны Малиге алып келишкен. Учурда аны менен байланышта болгон кырктан ашык адам карантинге алынды.

Мали эбола вирусу катталган Африканын алтынчы өлкөсү. Гвинея, Сьерра- Леон жана Либериядан сырткары эбола вирусу Нигерия менен Сенегалда табылган. Кийинчерээк Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму акыркы эки өлкөдө вирустун жайылышы токтоп, азыр эпидемия жоктугун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG