Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Жапония менен Түндүк Корея уурдалган адамдар боюнча сүйлөшүүнү баштады


Пхеньяндагы эки күндүк сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореянын 1970, 80-жылдары уурдалган жапон жарандарынын тагдыры боюнча тергөөсү кандай жүрүп жатканына баа берилмекчи.

Адам уурдоолор расмий дипломатиялык мамиле жок бул эки өлкө ортосунда эң талылуу маселе болуп келет.

2002-жылы Түндүк Корея өз тыңчыларын жапон тилине окутуу үчүн 13 жапонду уурдаганын моюнга алган. Алардын бешөө ошол эле жылы Жапонияга кайтарылган болчу. Пхеньяндын ырастоосунда, калган сегиз жаран өлүп калган же Түндүк Кореянын аймагына киргизилген эмес.

Жапониянын ишениминде, алардын жүзгө жакын жарандары уурдалган болушу мүмкүн жана айрымдары али тирүү.

Түндүк Корея быйыл майда уурдоолор боюнча жаңы тергөө баштоого көнгөн.

Жапония мунун ордуна бир тараптуу санкцияларынын айрымдарын жумшартууга макул болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG