Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Өкмөт элге, эл электрге ишенет


Түнкү Бишкек.
Түнкү Бишкек.

Капилет жааган кар Бишкектин жака белиндеги конуштарды жарыксыз калтырган чакта, энергетика министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясына болгон чектөөлөр уланарын ачык айтты.

Бала-чакасы менен көчөгө чыгып алып, свет жок ачка калышканын арман кылган жаңы конуш элинин кечээ кечтен бери караганы карагайдын башы. Синоптиктер канчалык какшаса да, кар жаамайын ишенбеген шаардыктарды капилет түшкөн суук бушайманга салды. “Дордой” базарынын жака-белиндеги Келечек, Дордой-2, Ак-Жар жана Ак-Бата конуштарынын жашоочулары 20 сааттай жарыксыз калышты. Көбү отун алган эмес, ишенгендери электр кубаты. 1200 түтүндөн ашык жашоочусу бар Ак-Бата жаңы конушунун тургуну Мукамбет Култаев кошуналары сыяктуу эле кышка даяр эмес.

- Мына кечээтен бери свет жок. Оорукчан апам, кичинекей неберелерим бар. Отун алайын десем акча жок. Болгону беш миң сом айлык алам. Жылда эле электрдин күчү менен кыштан чыкчубуз. Күнүнө 250 сомго көмүр алып, өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз. Ал бир күнгө эле жетет. Светке ишенип апамды айылдан алдырып алгам. Эми сууктан оорусу күчөп кетпесе экен деп сарсанаа болуп жатабыз.

Аймактын электриктери болсо жарык чыңалууга чыдабай үзүлгөн электр линиянын айынан өчкөнүн жүйө кармоодо.

Жарыксыз жаңы конуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

“Электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлөт”

Ал ортодо энергетика министри Кубанычбек Турдубаев электр кубаты коңшу өлкөлөрдөн импорттолбой калса, маал-маалы менен өчүрүүлөр уланарын ачык айтты. Анын айтымында, кечки 6дан түнкү 11ге чейин калк электр кубатын көп колдонот. Энергетикадагы таңсыктык толукталбаса, эл мына ушул сааттарда да жарыксыз калат.

- Биз дайыма эң жаман кырдаалга даяр болушубуз керек. Мен муну ачык эле айтам. Азыр коңшу өлкөдөн электр кубатын импорттобой калсак кантебиз деген вариант да каралып жатат. Эгер импорттолгон энергия жетпей калса түнкүсүн маал-маалы менен өчүрүүлөргө барабыз. Элге ыңгайсыз болбошу үчүн түнкүсүн өчүрөбүз. Ошондуктан бизди эл туура түшүнөт деп ойлобуз. Эгер биз электр кубатын көп колдонгон учурда үнөмдөй алсак, анда кыштан чектөөлөрсүз чыгабыз.

Кыргызстан кыштан кыйналбай чыгышы үчүн 2,4 млрд. кВт энергияга муктаж. Коңшу Казакстан таңсыктыктын 1 миллиардын толуктайбыз дегени менен калк импорттолгон энергияны канча сомдон, кандай шартта алары дале белгисиз. Ал эми калган керектөө ички резервден жана Түркмөнстандан алынарын өкмөт убада кылып келет.

Кыштан чыгуу кыйын болобу?

Энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов быйылкы кыштан чыгуу өкмөт эскерткенден да катуу болот деген пикирде. Ал элди электр кубатына ишенбей, отун-сууну эмитен камдоого чакырды.

- Өкмөт элди электр кубатын үнөмдөөгө, үйдү жылытуунун башка жолдоруна үндөсө деле аны түшүнгөндөр аз. Анын үстүнө биздин эл мындай энергетикалык каатчылыкка көнгөн эмес. Буга чейин мындай тартыштык болгон да эмес. Ошондуктан жылытуунун альтернативдүү жолдоруна өтүп, отун-сууну эмитен камдашыбыз зарыл. Болбосо азыркы тартыштык менен кыштан чыгуу кыйынга турат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев электр кубатын өчүрүү, чектөө коюу аркылуу үнөмдөгөн өкмөт саясатын катуу сынга алып, элди жарык менен камсыз кылуунун башка жолун сунуштоону тапшырган. Бирок министрлер кабинети кыштан кыйналбай чыгуу үчүн элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан дээрлик 4 млрд. кубга аз.

XS
SM
MD
LG